"Элдик репортер" рубрикасына Талас облусунун Кочкулов көчөсүндөгү жол маселеси боюнча видео материал жиберилген. Видеодо көргөндөй, жолдун абалы абдан жаман, кичине жаан жааса эле аңдарга суу толуп өтүүгө болбой калат. Жумушка, окууга барган жашоочулар айланып, башка жол менен өтүүгө мажбур болушууда.
Барбаган жерибиз калган жок, айтпаган адамыбыз жок. Эч ким көңүл бурбай жатат. - деп билдирилген маалымдамада.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.