Желек жана гербдин сүрөтү түшүрүлгөн эркек балдар кийүүчү ички кийимдер чыгып, "Дордой" базарында сатылып жатканына нааразы болгон окурманыбыз, "Элдик репортер" рубрикасына ички кийимдин сүрөттүн тартып жиберген. Мындай аракет мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле жасабагандык катары эсептелет.
Желек менен герб бул биздин символубуз, андыктан бул кемсинтүүгө кирет. Ушундайларды көзөмөлдөгөн бирөө барбы? - деп кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.