Балыкчы шаарында “Көчмөн багы” пайда болду
Новость KTRK/videograp

Балыкчы шаарынын күн чыгыш тарабындагы 30 гектар аянтка Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин демилгеси менен түрдүү мөмө-жемиштердин көчөттөрү отургузулду. 

Негизинен бул аянт таштак жер болгондуктан, буга чейин эч ким көңүл бурган эмес. Бирок быйыл дыйкандар, өздөштүрүлбөгөн жерди пайдалануу максатында тамчылатып сугаруунун жабдыктарын орнотуп, жер астынан суу чыгарылган. 

Студенттердин мындай демилгеси бир четинен дыйкандарга жардам болсо, экинчи жагынан агрардык факультетте билим алып жаткан студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп калды. Эң башкысы эми бул аянт “Көчмөн багы” деп аталмай болду. Анткени Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып жаткан көчмөндөр оюндарынын урматына арнап, студенттер атайын белги жасап келип орнотушту.