Элдик репортер: Сууну сыйлай билели!
Новость

Элдик репортер рубрикасына Талас шаарынын тургундарынан сүрөт, видео материалдар келген. 

Материалдардан көргөндөй, таза агып жаткан дарыяда аскердик кийимчен мырза кызматтык унааны жууп жатат.

 Бул суудан айыл эли тамак-аш, үй-тиричилигине алышат, -  деп билдирилген материалда.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.