"Элдик репортер" рубрикасына Достук айылынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Достук айылында таза суу киргизүү үчүн жерди 2 метрдей казышкан. Бирок казылган бойдон турат. Иш аягына чыкпай калды. Жамгыр жааганда, балдар ойногондо кооптуулук жаратууда. Жашы улгайган ата-апаларыбызга бул жерден өтүш бир топ эле кыйынчылыктарды жаратууда. Балдарыбыз жана малдар түшүп кетип жатат. Бул жерге бөлүнгөн акчаны ортодон жээп алышкан,- дейт кайрылуусунда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.