Элдик репортер: Тротуарды талкалаган ким?
Новость

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында эл өтүүчү тротуарды талкалап суу өткөрүшкөн, бирок кайра бүтөп оңдобостон ошол бойдон калтырып кетишти. Өкмөт жол салалбай жатса асфальты талкалап жатышат. Мен айыл өкмөттөн уруксат алгам деп талкалап салды, эл ары же бери өтө албай калды. Себеби чоң жолдун бойунда эле жайгашкан. Айыл өкмөткө кайрылсак деле пайда жок. Ушул маселени чечип берсеңиздер жакшы болмок эле,- дейт окурманыбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.