Элдик репортер: Санитардык эрежелерге жооп бербеген аймактын абалы өтө начар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Кара-Суу шаарынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. Окурманыбыз жиберген билдирүүнүнүн текстин өзгөртүүсүз беребиз:

Кара-Суу шаарындагы Юбилейная кичирайондун калк жашоочу аймактын акыбалы өтө начар. Жалпы эл ичүүчү суунун түтүгүн буурап өчүрүүчү эч кандай нерсе жок. Ал эми таштанды таштоочу жайы, ажатканасы адам чыдагыс жыттары менен эсте калаарлык. Бул маселе боюнча мэрияга бир канча жолу кайрылганбыз. Бирок эч кандай майнап жок.

Бир канча жыл мурун Кара-Суу базарында чөгүп кеткен ажаткана баарыбыздын эсибизде. Бул да ошондой акыбалга дуушар болгону жатат. Коомчулуктан жардам күтөбүз. Бул маселени тез арада талкуулабасак ажаткана чөгүп, таштанды таштоочу жай менен биригип калат да таза суу чыгуучу түтүкчөнү булгап жараксыз абалга кептелет. Качанкыга чейин ушундай ыплас жерде жашайбыз, -дейт кайрылуусунда. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.