"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну тротуарды оңдоого бербей дубал менен тосуп алган үй-бүлөө жөнүндө видео материал жиберген.
Лущихин көчөсүн быйыл сонун кылып оңдоп койду. Жолдору дагы, тротуарлар, аялдама баары жакшы. Болгону жолдун оң капталында аялдаадан өткөндөн кийин тротуардын уландысы жок. Электр туркүгү артынан эле жеке менчик үй жайгашкан тротуардын ордуна. Жол оңдоочулар бошотпой койду дешүүдө. Муну эмне кылсак болот? Кимдин укугу бар тротуарды ээлеп дубал менен тосуп алууга?- деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.