Элдик репортер: Көчөдөгү жарык берүүчү чырактар күндүз кимге жарык берип жатат?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну электр жарыгын сарамжалсыз колдонуу жөнүндө видео материал жиберген. Видеодо көргөндөй, саат кундузгү 11:00 болгондугуна карабастан, Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштарынын ортосунда орун алган Алымкулов көчөсүндө жарык берүүчү чырактар күйүп турат. 

Узун жолдо карыш сайын жайгашкан жарык берүүчү чырактарды кээде күйгүзгөндү унутуп калганына көз жумуп келсек, эми өчүргөндү унута башташтыбы?



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.