Элдик репортер: Чак түштө ызы-чуу менен майрамдап жатышкан бүтүрүүчүлөр
Новость

Апрель айынынан бери эле, "Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынат" - деп айтылып келгендигине карабастан "Элдик репортер" рубрикасына бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу, ызы-чуу менен коштолгон кечелери жөнүндө материалдар байма-бай келүүдө. 

Алардын бири Чолпонбай айылынан келген. Видеодо окуучулар чак түштө эч кимди көзгө илбей унаалардын эшигинен белине чейин чыгып алышып ызы-чуу салып, катуу ылдамдыкта айтап бара жатышкандыктарын көрүүгө болот. Бүтүрүүчүлөр азыр көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй, өзүлөрүн чоң сезип, кубанычтары коюнуна батпай турганы айтпасак да белгилүү. Бирок ата-энелер кайда карашууда? Мугалим, мектеп директору, аймактык милиция кызматкерлери эмнеге көзөмөлдөшпөйт? ММК да тынбай жазылып жаткан бүтүрүүчүлөр кабылган жол кырсыктары, алардын көбү өлүм менен аяктап жаткандындыгы эч кимге эч кандай таасир калтырбай элеби?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.