POST1RIGHT
"Элдик репортер" рубрикасы калк арасына улам жайылып, калктын ишеними артылууда. Көкөйгө көк таштай тийген жол маселеси, авариялык абалдагы электр түркүктөрү, тазаланбаган таштандылар дал ушул рубрикага жарыяланып, эфирден көрсөтүлгөндөн кийин тиешелүү мекемелер, "оңдодук, жакынкы арада оңдоп-түзөө планга киргизилди" - деп жооп беришип, ал эми элдер арыз-муңун гана эмес алкыш каттарын да байма-бай жиберишүүдө.
Бүгүн редакциябызга Чүй облусунун Аламүдүн районунундагы Салкын жаңы конушунун жашоочулары чогулушуп атайын видео тартышып, маселелерди ак баракка тизмектеп туруп атайын бир адамды шайлап жиберишкен. Жаңы конушта баардыгы болуп 600 түтүн үй-бүлөө, 2000 адам жашашат. 12 көчөдөн турат. Жолдор унаа эмес жөө адам өткөнгө ылайыкталган эмес. 600 үйгө болгону 3 трансформатор коюлган, ал эми норма боюнча 6 кем эмес болуш керек. Электр түркүктөрүн да тургундар айлалары кеткенде өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып орнотуп алышкан. Катуу шамал болуп, жаан жаганда кооптуулук жаратпай койбойт. Таза маселеси дагы албетте бар.
600 түтүн үй-бүлөө азыркы цифровой кылымда жөн гана жашоо шартысыз жашап келишүүдө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.