Сокулук районуна караштуу Саз айылындагы Тукбаш уулу көчөсүнүн тургундары 2018-жылдын 26-июнунда төмөн тартылып калган кабель тууралуу кайрылган нааразычылыгына (http://www.ktrk.kg/post/22382/kg) «Северэлектро» ААК төмөнкүнү билдирет.
Окуя болгон жерге барган Сокулук райондук электр тармактарынын адистери билдиргендей, бул 0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгысынан турак жайга/үйгө тартылуучу изоляцияланган кабель. Аталган кабель жерден 4,5 метр бийиктикте тартылган.
Экинчи даражадагы көчөлөрдөгү турак жайларга аба электр чубалгыларынан тармак чыгаруу электр түзүлмөлөрдү орнотуу эрежелерине ылайык 3,5 метрге чейин төмөндөтүлүшү мүмкүн. Белгиленген кабель изоляцияланган, андыктан айыл тургундарына коркунуч туудурбайт.
