Сокулук районундагы Селекция айылынын бир канча тургундары "Элдик репортер" рубрикасына суу маселесин боюнча кайрылышкан. Алардын кайрылуусу төмөндөгүчө.
Суу маселеси бул жерде көптөн бери чечилбей келет. Мурун 3-4 күндөй суу болуп турчу, ошондо айыл тургундары челектерге суу толтуруп, кирлерин жууп алышчуу. Жай келгенден бери, бир ай өттү суу жок. Бул көйгөй көпкө созулуп кетти. Чечилбей жаткан негизги нерсе бул жерде коррупция болуп жатат. Көп эле инвестиция келип, көп эле акча бөлүнөт. Бирок айыл өкмөтүнүн, суу башчыларынын жана ортомчулардын чөнтөгүнө кетип калып жатат.
Чогулушка айыл өкмөтү келип иштеп жатабыз, күткүлө деп кеткен. Бир айдан ашты суу жок. Сууга акча бөлүнгөн күндө деле, коррупциялашып, ар кимдин чөнтөгүнө кетип, бул маселе чечилбей жатат. Бийлик өкүлдөрү ушул маселенин үстүнөн терең иштеп беришсе жакшы болмок.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.