Элдик репортер: Таза сууга суусаган Бейшеке айылынын тургундары
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Бейшееке айылынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. 

Кемин районундагы Бейшееке айылынын тургундары бүгүнкү күндө ичип жаткан таза суубуз өтө кир. Суу тоодон агып келет, ал эми суунун баш жагында малдар жайылат. Жамгыр жааганда ушундай ылай суу ичебиз. Бул суудан элибиз да, малыбыз да ичет. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз эч жыйынтык жок,- дейт кайрылуусунда.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.