Ак-Кыя айылында мамлекетке тийиштүү бетон трубаларды айылдык депутат Абдылдаев Райымбек аттуу жаран менчиктеп алды. Бул тууралуу Элдик репортерго аталган айылдын жарандары билдирди. Алар бизге жиберген теккстин мазмунун өзгөртпөй беребиз.
"Ушул жети трубаны Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн айылдык депутаты Абдылдаев Райымбек чаламандын чак түшүндө эксковатор менен кастырып камазга жүктөп бара жаткан жеринен айылдын жаштары аркылуу кармалып, райондук милицияга жеринен протокол толтурулуп өткөрүлүп берилген болчу. Райондук милициядан эмнегедир ишин жеринде текшерилбей, бат эле белгисиз себептер менен айыл өкмөтүнүн балансында жок деген шылтоо менен Абдылдаевдин ишин жаап коюшту.
Бул орган тарабынан чыгарган чечимине Кара-Суу айылынын элдери нааразы. Анткени бул трубалар айылды, эгин талааларды селден сактоого союз убагында орнотулган.Эл шайлаган эл ишенген бул Ак-Кыя айылынын депутаты бул кылыгын туура деп жаап койгон. Айыл элдери нааразы.Кайрадан жеринен териштирип айылдын депутаты Абдылдаев Райымбекке мыйзам түрүндө жазасын алат деп ишенебиз".
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.