Элдик репортер: Чолпон-Ата шаарындагы тротуардын кейпи зээн кейитээрлик
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу төмөндөгү маселе менен кайрылган.

Чолпон-Ата шаарындагы тротуардын кейпи кетип, коляска эмес адамдар баса албай калгыдай абалга жетип калган. Деги эле коляска жүрө турчу пандустар эске алынбаганы жанды кейитет. Азыр бизде жай мезгили келип туристер баса турчудай жолубуздун кейпи. Ушуну бир чоңдор көзөмөлгө салып койсо. Жолдун үстү дагы асты дагы канаттандыраарлык эмес. Коляскалардын дөңгөлөктөрү видеодо көргөзүлгөндөй сынып, ажырап калган.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.