"Элдик репортер" рубрикасына буга чейин оңдолбогон жол көйгөйлөрү тууралуу материал келген болсо, бүгүнкү окурманыбыз жол оңдоодо кетирилип жаткан мүчүлүштүктөр тууралуу маалымат жиберген.
"Айдаркен-Кадамжай жолу. Азыр жаан жаап жатат, ага карабастан жол куруучулар жолду жамап жатышат. Оңдоо иштери ушундай абалда жүрүп жатса анан кантип жолдун сапаты оңолот?"-деп билдирген окурманыбыз.
Чындыгында, атайын билими жок адам деле түшүнсө керек, мындай аба-ырайында жол оңдоо иштерин жүргүзүүгө болбостугун. Мындай чарага барууга эмне түрткү болду экен жумушчуларда...
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.