"Элдик репортер" рубрикасына Кызылжар айылынын тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.
Аксы районунун Кызылжар айылындагы жолдун абалы өтө начар. Бул жол менен Ала-Бука, Чаткал, Аксы райондору Бишкек, Жалал-Абад шаарлары менен байланышат. Жол бир жумадан бери суу каптагандыктан жол бузулуп, унааларга кыйынчылык менен өтүүдө. Жашоочулар атайлап суу коюшкан. Себеби алардын үйлөрүн чаң каптоодо. Айыл өкмөтү карабайт, эл менен иши жок. Райондук, облустук жетекчилер көрсө да, көрмөксөн болушат. Негизи асфальт төшөөгө 2017-жылдын сентябрь айында даярдалган. Бирок асфальттан дайын жок,- дейт окурманыбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.