Долон айылында, айыл менен шаарды бириктирип турган көпүрөнүн абалы кооптуу. Азыр сугат мезгили, суу көп келүүдө. Ал эми көпүрө жараксыз абалда, цементтин ортолору чоң ачык ушуну келип көрүп койсоңуздар жакшы болмок. Кыргызстанда ӨКМ кызматы барбы? Эл үчүн, адамдардын коопсуздугу үчүн иш алып барышабы? -деп "Элдик репортер" рубрикасына Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылынын тургуну видео жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.