Элдик репортер: 8 жылдан бери суу чыкпай тургундарды түйшүккө салды
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ноокат районунун тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында Суйламанов Айдар атындагы көчөсүндөгү суу түтүктөрүнөн 8 жылдан бери суу чыкпайт. Убагында жашоочуларга таза суу жеткирүү проектиси боюнча суу жеткирилген. Бирок түтүктөргө суу берилгенден бери суу чыкпайт. Себебе көчөнүн башындагы чоң суу түтүгүнө туташтыруу убагында туура эмес ширетүү болгон. Андан бери түтүктөрдүн оозун балыр басып биротоло суу өтпөй калган. Ошол жерди ачып оңдоп берүүсүн суранганда, суу берүү боюнча башкармалык акча топтоп берүүсүн суранган. Ошондон берүү жашоочулар арык суусунан ичүүгө муктаж. Арык суусу көптөгөн километрден элди аралап өткөндүктөн, жашоочулар таштандыларды сууга ыргытышат жана малдар да бул суудан ичишет. Бул бир гана көчөнүн көйгөйүү эмес, башка дагы бизге окшогон таза сууга жетпей жүргөн көчөлөр толтура,- дейт билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.