Элдик репортер: Айыл өкмөтү жардам бербеген Ленин айылынын тургундарына ким жардам берет?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Жала-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынан маалымдама келген. Маалымдамада жол маселеси каралган. Көчөнүн башынан аягына чейин аңдарды көрүүгө болот. Жана дагы электр түркүктөрү авариялык абалда, мына-мына кулачуудай болуп турат.

Бир канча жолу айыл башчысына кайрылдык, эч кандай майнап чыккан жок, - деп билдиришет жашоочулар.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.