"Элдик репортер" рубрикасына Ноокат районунун тургуну жашоочуларды түйшүккө салып көп убакыттан бери оңдолбой турган көпүрө жөнүндө маалымдама жиберген.
Көпүрө Он эки бел жана Көк-Жар айылдарынын ортосунда жайгашып Абшир-Сай дарыясынан өтөт. Оңдоо иштери башталганына үч жылдай болгондугуна карабастан оңдолуп бүтпөй, көпүрө жабык бойдон турат, - деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.