Баткен шаарынын базарынын сырты, айлана-чөйрөсү өтө өкүнүчтүү абалда. Жол бойлоп жайгашкан сатуучулар каалаган жерин ээлешип, базар кундөрү башаламандык жаратышат. Адамдардын жол тыгыны пайда болуп, нары-бери кенен басууга мүмкүн эмес. Алар патент дагы төлөшпөйт, - деп билдирет окурман.
Сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй, тамак-аш, тиричилик буюмдары баары чогуу жолдун четинде сатылууда. Тамак-аштын үстү эч нерсе менен жабылган эмес. Ушунча адам басып, унаа тынбай жургөн жерде микробдордун көптүгү айтпасак да белгилүү.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.