"Элдик репортер" рубрикасына шаарыбыздын тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.
Бишкек шаарындагы Рухий-Мурас конушундагы көчөдө күндүзгү саат 13:00 жарыктардын баары күйүп турат. Электр тармагында иштегендер карашпайбы? Эмнеге биз электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбайбыз? -деп билдирүү жиберген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.