Акыркы мезгилде кайырчылык менен күн көргөн лөлүлөр көбөйүп кетти. Борбор калаабыздан кайыр сураган лөлүлөрдү көп эле жерден кезиктиребиз. Ушул көрүнүшкө нааразы болгон шаар тургуну "Элдик репортер" рубрикасына төмөдөгүчө кайрылган.
Бишкек шаарыбызда абдан көбөйүп кетти. Эмне үчүн булар менен эч кимдин иши жок. Шаардын борбордук көчөлөрүндө жайнап кеткен мындайлар. Ош базардын тегерегинде да көп. Бишкек шаарыбыз думаналардын шаарына айланды. Булар Кыргызстандык эмес болууга тийиш. Жакшылап изилдеп көргүлөчү. Абдан жанды кейитчүү маселе, мындай качан бар эле бизде? Уяласын келген меймандардан,- деп кайрылып өттү.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.