Элдик репортер: Калыс-Ордо конушун тургундары суунун жоктугуна нааразы
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Калыс-Ордо конушунун тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда жаз айынан бери суу жок. Түнкүсүн саат 2-3 төрдө тамчылатып берет. Азыр болсо 2 күндөн бери суу жок. Суунун акчасын убагынан калтырбай төлөйбүз, ал эми суудан дайын жок. Шайлоо алдында суу чыгарып беребиз деп кетишет. Шайланып алган кийин суу эмес башкасынан жок. Жайында, кышында суу жок, ар кайсыл жерден ташып келебиз. Кимге кайрылышыбызда да билбей калдык,-дейт кайрылуусунда.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.