Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айылында видеодон көрүп тургандай коркунуч туудурган 3-4 жер бар. Бул жакты эптеп эле оңдоп кетип калышат. Сел келсе бул жерди алып кетет. Азыр иш токтоп турат, жыйырма күн болду. Биздин суранычыбыз ушул жерди оңдоп, көпүрө салып, эки капталын тосуп койсо жакшы болмок эле, -дейт билдирүүсүндө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.