Элдик репортер: Кочкор районунун жайлоосундагы кейиштүү абалдагы көпүрө
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Сөөк жайлоосуна кетчүү жолдогу кейиштүү абалдагы көпүрө тартылган видео материал келген. Сөөк жайлоосу Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылынан 27-28 км алыстыкта жайгашкан.

Көпүрө деген аты эле болбосо, жергиликтүү тургундар өзүлөрү карагайларды өз алдынча бириктирип эле коюп алышкан. Бул жакта жайлоого барчуу адамдар өтүшөт. кичинекей балдар тушүп кетет деп коркосуң. - деп билдирет окурман.

Чындыгында, видеодо көргөндөй көпүрө абдан кооптуу экени көрүнүп турат. Ал эми суу киргенде кантип өтүшөт болду экен?

Союз убагында бул көпүрөдөн жүк ташуучу унаалар өтүшчүү экен. Бирок андан кийин эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Жайлоодон налог чогултулат. Өткөн жылы айыл өкмөтү келип көрүп кеткен.Бирок эч кандай иш чаралар көрүлбөй келет. - деп кошумчалаган окурман. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.