Элдик репортер: Жолдордун абалы оңолмоюнча туризм өнүгөбү?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына бул убакытка чейин шаар ичиндеги, айылдарды бириктирген оңдоого муктаж болгон жолдор жөнүндө келген видео материалдар арбын болсо, жайкы сезон ачылгандан бери жайлоого кетчүү жолдордун видеосу келүүдө. Ушундан улам тыянак чыгарсак болот, өлкөбүздөгү эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жол маселеси. 

Бул жолу дагы окурманыбыздардан Аккыя-Ооруктан жолун видеого тартып жиберишкен. Видеодо көргөндөй жолдун абалы жанды кейитээрлик. 

Бул жол Кара-Кужур - Кара-Саз жайлоолоруна кетчүү жол. Кышында кар жааганда өтүүгө мүмкүн болбой калат, - деп билдирет окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.