Элдик репортер: Таласта эскилиги жеткен үй өмүргө коркунуч жаратууда
Новость

Элдик репортер рубрикасына Талас шаарынын тургуну шаардын так ортосунда Баетов/Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан авариялык абалдагы эски тамды видеого тартып жиберген. 

Бул үйдун салынганына 100 жыл чамалап калды. Өкмөттүн бузабыз дегендерине 35-жыл болду. Шаардын борборунда жайгашкан, оң жагында мектеп, ылдый жагында МУКК, ал эми үстү жагында Финансы министрлиги жайгашкандыктан күнүнө бул жактан канча адам өтөт, - деп жазат окурман.

Кыргыз Республикасынын турак-жерлерде эски, авариялык абалдагы имараттарды бузуу тартиби жөнүндөгү токтомдун 2-бөлүмүнүн негизинде алынуусу шарт болчу. Алыстан көргөн адамга деле бул үйдө жашоого мүмкүн эместигин, кооптуулук жаратаары көрүнүп турат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.