Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын шаар статусун алганына 6 жыл болду. Бирок жылыш жок жолдору ункур-чункур, кадам сайын таштанды, эс алуучу жайлар жок, жана ошондой эле биздин маданият сарайыбыздын кебетеси бизди кейитет. Анткени сахнанын отургучтары сынган, кышында суук, шарттар түзүлгөн эмес, дааратканалары иштебейт, иштебегендиктен адамдар сырттагы арчалардын ичин даараткана кылып алышкан. Анын кесепетинен арчалар жашыл оңун кетирип саргайып кеткен, мындан сырткары жашоочулар уйларын карашпайт жолдор тезекке толуп бүттү, таштандыларга уйлар иттер аралашып жүрө берет. Мунун кесепети ар кандай ооруларды алып келет. Мисалга алсак кутурма оорусу, адамдар сөзсүз уйдун сүтүн ичип этин жейт. Жергиликтүү бийлик көңүл буруп койсо жакшы болмок эле,- деп кайрылып өттү.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.