Элдик репортер: Сапаты начар жасалган суу түтүктөрү
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылына суу түтүктөрүн оңдоо үчүн райондук атайын фонддон акча которулуп бир миллион сом тендер ойнотулуп бир фирма утуп алган. Жасалып бүткөндөгү кебетеси, бүткөнүнө аз гана убакыт болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул боюнча кандайдыр бир чара көрөөр көрбөсү белгисиз. Кыскача айтканда жумуш сүрөттө көрсөтүлгөндөй сапатсыз. Суу колонкасынын үстүнө жабылчу бетон капкактардын сапаты начар. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.