Элдик репортер: Сапатсыз салынып жаткан мектеп айыл тургундарын кооптондурууда
Новость

Ош облусунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндөгү Өрнөк мектебин 12 жылдан бери салыныш күтүп жаткан мектебибиз. Азыркы убакта куруу иштери жүрүп жатат. Бирок абдан сапаты начар жана туура эмес салынып жатат. Салынып бүткөн соң балдарыбызды кантип жиберебиз ушундай сапатта салынып жатса. Кимге кайрылабыз? Бийлик өкүлдөрү көңүл буруп койсо жакшы болот эле,- деп "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурманыбыз. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.