29-мартта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу жыйындары башталды жана жыйындын катышуучулары мөөнөттүү аскер кызматын өтөп бүткөн жогорку билимдүү аскер кызматындагылар болуп саналышты.
Жыйындын жүрүшүндө аскер кызматындагылар тоо-аткычтар взводунун командирлерин даярдоо программасынын теориялык жана практикалык негиздерин атайын-тактикалык, методикалык, укуктук, коомдук-мамлекеттик, ок атуу, дене тарбия даярдыктары сабактары, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Жалпы аскердик уставы боюнча окуп үйрөнүшөт.
Окуу процессинин жыйынтыктоочу этабында жыйындын катышуучулары өтүлгөн темалар боюнча экзамендерди тапшырышат, ал эми тапшырылган экзаменден соң татыктуу сертификаттар жана алгачкы офицердик «лейтенант» наамынын погондору берилет.
Даярдоо жыйындары 2016-жылдын 23-апрелинде аяктайт.