Ысык-Көл быйыл да дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларга бай. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына бир жарым ай гана убакыт калды. Мындан улам учурда жаңы өкмөт Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу иштерине жигердүү киришти. POST1RIGHT
Ал эми Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий иш-чаралар үчүн жаңы сахналарды жасалгалоо иштери адистер тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул багытта ар бир кызмат өзүнө тийиштүү иш-чаралар менен алек болуп жатат.
Быйыл үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөрдүн бүйүр кызыткан оюндары мурдагылардан да кызыктуу, өзгөчө өткөрүлгөнү турат. Айрыкча чоң мааракенин ачылыш жана жабылыш аземиндеги оюн-зоок, концерт көрүүчүлөргө күтүлбөгөн белек болот. Бул бул багытта Кырчын жайлоосунда иш кызуу жүрүп жаткан учур. Долбоордун көпчүлүк бөлүгү купуя сыр бойдон сакталып ачылыш аземинде көпчүлүк таң кала турган болушу керек.
Буга чейинки Көчмөндөр оюндарында кеткен айрым майда кемчиликтер быйыл кайталанбашы керек. Ага ылайык кубаттуу электр энергиясы тартылып, кошумча көмөк чордондору орнотулууда. Мындан сырткары боз үйлөр жайгашкан айыл толугу менен түнкү жарык менен камсыз болот. Бул багытта энергетиктер бир топ иштерди бүткөрүшүптүр.