Быйыл Бишкек шаарындагы конуштардын көпчүлүгүндө газдаштыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, жолдор казылып, газ түтүктөрү орнотулуууда.
Казылган көчөлөр ошол бойдон калып, айрыкча жаандан кийинки абалыбызга мышык ыйлай турган болуп калды. Газпромдун атынан башында өзүбүз оңдойбуз деп тургундарга убада берилген. Бирок кийин же мэрия тараптан, же Газпром тараптан көңүл буруп койгон адам болгон жок,- деген нааразычылыктар бир нече конуштардан биздин рубрикага жөнөтүлгөн.
Учурда рубрикабызга Ак-Ордо конушунун бир нече тургундарынан ушул эле маселенин тегерегинде кайрылган нааразычылыктары келип түшүүдө.
Ак-Ордо конушунун негизги Гагарин көчөсү былтыр эле оңдоодон өтүп, колдоонуга берилген. Жол азабын тургундар аябай эле тартканбыз. Эми болсо, Газпром ишканасы тарабынан жаңы эле асфальтталган тротуар толугу менен талкаланып, газ түтүктөрү орнотулгандан кийин, топурак менен эле тегизделип жатат. Оңдоо иштерине "олчойгон" эле акча каражаты кеткендир. Эмнеге мэрия тараптан келип көзөмөлдөп коюшпайт. Же Газпром ишканасы газдуу кылдык деп, каалаган нерсесин кыла беришеби?