"Элдик репортер" рубрикасына Ысык-Ата районун тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылган.
Кыргызстандагы көзгө басар Ыссык-Ата курортубуз эмнеге айланды? Чет өлкөдөн туристтер келип баштарын чайкашып кетип жатышат. Канчалаган элдер келип даарыланганы келип, бул жактын мындай көрүнүшүнө кейип кетип жатышат. Урагандан урап эле баратат. Канча жылдан бери бир да жолу оңдоо иштери жүрбөптүр. Күн сайын миңдеген адамдар келет экен. Түшкөн акчанын баары кайда кетип жатат. Эл эс алып отурган отургучтар сынып калбай калган. Суу кенен а бирок ичинде душ, дараткана жок. Корпустардын сырты ураган, түбүнөн кеткен. Качан үстүбүз кулайт деп коркуп отурушат. Түшкөн акчалар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат. Тазалык жагын да карашпайт. Суусу бар ылайы бар. Фонтантардан бирөөнөн да суу чыкпай какшып турат. Ушундай кудайым берген кымбат жерибизди барктабасак Ыссык-Атаны жоготуп алышыбыз мүмкүн. Курорттун үстүнөн караган бирөө барбы? -деген окурманыбыз сүрөткө тартып жиберген.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.