Элдик репортер: Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчөдө белгилер калып, жол чийиндери өчүп калган
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчө катары саналган Ленин көчөсүнүн айрым жерлеринде белгилери калып, жол чийиндери өчүп калганын жергиликтүү тургун маалымдайт. 

Шаар ичи болгондон кийин автоунаалар да көп каттайт, ал эми жол чийиндери өчүп калган жерлерден айдоочулар жөө адамдарды өткөрүшпөйт. Адам өмүрүнө коркунуч жараткан мындай жерлерди шаардык мэриянын тиешелүү адистери көзөмөлгө алып коюшса, дейт биздин рубрикага маалымат жөнөткөн окурманыбыз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.