Быйылкы аба ырайынын тез-тез кескин өзгөрүлгөнүнөн, айыл тургундары, дыйкандар аябай эле зыянга учурап жатышат.
Бул жолку зыян 17-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Калкагар айылында катталган. Катуу жамгырдан кийин сел жүрүп, бир жагы гана тосулган дамбадан суу ашып, айылдын эгин талаасын алып кеткен. Жергиликтүү тургундар кыян жүргөн кооптуу жердин 2 тарабы тең дамба менен тосулса деген үмүтүн билдиришкен.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.