"Элдик репортер" рубрикасына Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн тургуну көкөйгө тийген жол маселеси жөнүндө видео материал жиберген.
Чоң машиналар каттап атып жолду шыйпыр кылып салышты. Айыл эли ашар жолу менен оңдошчуу бирок ал да болгону бир ай гана чыдачуу, эми бул жолду караган эч ким жок. Кожо-Келен айылы райондон 130 км, ал эми Папан айылынан 40 км алыстыкта жайгашкан. Карапайым эл күнүгө ушул жол менен жүрүп жан багууга аргасыз.
Урматтуу президентибиз быйылкы 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады эле мүмкүн биздин жолубуз да оңолуп калаар, - деп билдирет окурман. Чындыгында, видеодо көргөндөй жолдун абалы жан кейитээрлик.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.