Жалал-Абад шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндөгү тейлөө иштерине нааразы болгон тургун учурдагы абалды төмөндөгүдөй маалымдайт:
Жаңы төрөлгөн ымыркайыбызга күбөлүк ала албай, сааттап кезекте турабыз. Элдин көптүгүнө, карабай 2 гана адис иш алып барат. Анысы аз келгенсип тааныш-билиштерин алдыга өткөрүп ийип атышат. Калкты тейлөө кызматындагы мындай кемчиликтер качан жөнгө салынат? Же "кыргызчылык" кылып иш жүргүзүү улана береби?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.