Эгин талаабызга суу жетпей, жамгырдын суусу менен гана суугарылууда. Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Суу айылынын тургундары көп жылдан бери суу азабын тартып келишет.
10 жыл мурун башталып, миллиондогон акча каражаты жумшалган канал, орто жолдо аягына чыкпай калып калган. Учурда суу тартканга мотордун күчү жетпейт жатат деген шылтоону айтып жатышат.
Жылына ушундай бир шылтоону угабыз. Айдоо талаабыз куурап, мээнетибиз талаада калып жатат. Учурда коррупциялык көрүнүштөргө чаралар көрүлүп жатканынан кулакдар болуп жатабыз. Мүмкүн биздин каналга жумшалган акча каражатынын дагы дайыны текшерилип, элдин 10 жыл күткөн тилеги ишке ашып калаар.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.