Элдик репортер: Дордойдо мыйзамсыз токтогон унаалардан да акча табышууда
Новость

Баарыбыз эле билгендей, алып-сатаар иштери бизде азыр көбүнесе базарларда жүрөт. Тамак-аш болобу, кийим-кече, тиричилик буюмдары баарын базардан табасын. Көп адамдар үй-бүлөөсүн да базарда иштеп багышат. 

"Элдик репортер" рубрикасына буга чейин башаламан соодо кылгандар жөнүндө видео, сүрөт материалдары келсе кече окурман Дордой базарындагы Джунхайды көздөй бараткан унаа жолундагы авто унаалардын жол боюна токтоп ыңгайсыздык жаратып жатышкандыгы тууралуу видео жиберген. Видеодо көргөндөй, 4 сызык жол эки четинде тизилип унаалар токтоп турушкандыктан 2 сызык болуп калган. Жол дагы түз эмес аңдар көп экенин көрүүгө болот. 

Бир айдай болду, ушул токтогондордон жолду көзөмөлгө алгандар 50 сомдон алып атышат. Ушул мыйзамдуубу? Эмнеге унаа жүрүүгө ылайыкталган жолдордо унаалар токтоп, ал эле эмес акча дагы төлөнүшү керек? - деп билдирет окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.