Нарын облустук бириккен ооруканасынын Ара төрөлгөн балдар жана гинекология бөлүмдөрү шашылыш түрдө сырдалып жатканына күбө болдук.
Бул бөлүмдөрдө ымыркайлар жана оорулуулардын жатканына карабай сырдоо иштери улантылып жатат. Комиссия келет деген оорукана жетекчилиги, ичиндеги балдардын боектун жытына ууланып атканын эске алды бекен?
Кичинекей балдар эмес чоң адам биз араң дем алып атабыз. Балдардын ден-соолугун ойлогон бирөө барбы? Оорукананын ичиндегилерди башка жака көчүрбөй, сырдап атканына нааразы болгон тургун биздин рубрикага кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.