Элдик репортер: Айылга каттаган маршруттук таксилердин жоктугу тургундарды түйшүккө салууда
Новость

Сүймөнкул Чокморов айылы шаарга жакын жайгашкандыктан, бул жакта жашаган тургундардын көпчүлүгү шаарда иштеп, билим алышат. Айылга каттаган жалгыз маршруттубуз бар болчу, ал жакындан бери жүрбөй калды. Ал эми жолубуз болсо былтыр курулуп жакшы абалда. Коңшу айылдардын маршруткалары жакшы каттайт. Биз эле бул көйгөйдү чече албай койдук,- деп "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөткөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.