Арстанбапка караштуу кичи шаркыратманын жанында турабыз. Шаркыратмага кирүү үчүн ар бир адамдан 10 сомдон алынат экен. Сурасак айыл өкмөт менен токой чарбанын 2014-жылкы токтомун көрсөтүштү, жаңы токтом жок экен. Анан бул чогултулган акчалар кайда кетип атат? - деген билдирүү келген "Элдик репортер" рубрикасына. Мындай акчалар көп эле жерлерде алына турганы белгилүү иш. Күнүнө 100дөгөн адамдардан чогулган акчалар кайда жумшалат?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.