Элдик репортер: Чирип калган электр түркүгү кооптуулук жаратууда
Новость

Элдик репортер рубрикасына Ысык-Көл облусунун Ак -Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылынын тургуну чирип урайын деп калган электр түркүгү жөнүндө маалымдама жиберген. Сүрөттөрдөн көргөндөй түркүк короодо үйдүн жанында жайгашкан. 

Кантип оңдоорубузду да билбейбиз. Айыл өкмөтүнө бир канча жолу бардык, жардам көрсөткөн жок, - деп жазган окурман. Бул түркүк ураса үйдү басып калаары айдан ачык, анан үй-бүлөөнүн убалы кимге?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.