Элдик репортер: "Бурананы" курчаган таштандылар
Новость

Бул сүрөттөрдү көрүп кантип "Буранага" баргың келет? Ооба, бул "Бурананын" тегерек-чети. Башка мамлекеттер тарыхый жайларды аздектеп карап, жаңыларын биринин артынан бирин салып жатышса, бизде ата-бабаларыбыздан калган тарыхый жерлерди жакшы карай албайбыз. Тегерек-чети бүт эле таштанды. Дааратканасын бекитип койгондуктан даараткананын тегереги даараткана болуп калган, - деген маалымдама келди "Элдик репортер" рубрикасына.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.