Биздин көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселебиздин бири таза суу маселеси,- деп кайрылган Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын тургуну. Күн алыс келген сууга кезек күткөн адамдар көп. Ал дагы таза эмес ылайланган суу. Ушул суунун айынан кезек күткөн тургундардын ортосунда канча талаш-тартыш болуп, аягы мушташканга чейин барышты.
Айрымдарыбызга кезек келгичекти суунун берүү убактысы бүтүп, бош идиштерди көтөрүп үйгө кетмей. Аймактарды өнүктүрүү жылында суу көйгөйүнөн арылабыз го деген үмүтүбүз чоң эле... Бирок жергиликтүү бийлик аракет кылаар эмес,- дейт айласы түгөнгөн тургун.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.