Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Тоскоол айылынын тургундары 2 жылдан бери оңдолбой, орто жолдо калган жол маселесин биздин рубрика аркылуу тиешелүү мекемелерге кайрылуу чечишкен.
Айылдын негизги жолу 2 жылдан бери оңдолуп, асфальт төшөлөт деген бойдон кыймылдабай турат. Биз бул тууралуу бир нече жолу айыл тургундарынан атынан кайрылуу жасаганбыз. Бирок жыйынтык жок. Балдарыбыз чаң жутуп күнүгө мектепке барып-келиш үчүн 18 чакырым жол жүрүшөт. Каттаган автобус жолдун жамандыгынан тез эле бузулуп турат. Келген комиссияны жергиликтүү бийлик элге жолуктурбай кайра жолго салышат. Биздин үнүбүздү угуп, айылдын көйгөйлөрүн жөнгө сала турган мезгил болобу?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.